Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

Жумаматова: борбор калаада биринчи "Экобатл" эл аралык экологиялык кубогу өтөт

Категория:

Чыгармачыл индустрия мектебинин директору, Эл аралык маалымат технологиялар университетинин командасынын академиялык кеңешчиси Гүлмира Жумаматова Бишкекте өтө турган "Экобатл" эл аралык экологиялык кубогун өткөрүүнүн максаты тууралуу айтып берди.

Бишкек шаарынын мэриясы жана Эл аралык маалымат технологиялар университети биргеликте "Экобатл" эл аралык экологиялык кубогун өткөрөт. Иш-чара курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерине жаштардын көңүлүн буруп, мектеп, студенттик, эксперттик топтор менен экологиялык көйгөйлөрдү активдүү талкуулоону уюштурууга багытталган. Бул тууралуу Гүлмира Жумаматова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экобатлдын акыркы этабы 22-23-май күндөрү өтөт.

"Долбоордун максаты мектеп окуучуларын, студенттерди, магистранттарды, аспиранттарды жана жаш илимпоздорду, коомдук ишмерлерди актуалдуу экологиялык проблемаларды чечүүгө байланышкан изилдөө иштерине активдүү тартуу болуп саналат. Урбанизацияланган аймактардын экологиялык проблемаларын чечүүдө Кыргызстандын жарандарынын көңүлүн буруу жана ыктыярдуу кыймылды, кайрымдуулукту өнүктүрүүдө орто жана жогорку окуу жайлардын, экологиялык багыттагы уюмдардын демилгесин колдоо. "Экобатл" эл аралык экологиялык кубогунда ыңгайлуу экологиялык чөйрөнү түзүү, шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн чечүү жолдорун аныктоо багыттары болот. Программа боюнча биринчи долбоорлор конкурсу, акыл оюну, "Экобатл" экологиялык акциясы жана "Көк-Арча" видеороликтер сынагы камтылган. Соӊунда экологиялык кубокто жазылган илимий материалдар жыйнагын чыгаруу пландаштырылууда. Бишкек шаарынын мектеп окуучуларын, колледждин студенттерин, каалаган багыттагы жогорку окуу жайларынын студенттерин, 17-23 жаштагы адамдардан турган коомдук уюмдардын жана кыймылдардын өкүлдөрүн, ошондой эле ЖОЖдордун окутуучуларын эксперт катары иш-чарага катышууга чакырабыз", — деди Жумаматова.

Ал сынактын жеңүүчүлөрүнө биринчи орун үчүн кубок, эстелик белектер, байгелер жана дипломдор тапшырыларын кошумчалады.

https://sputnik.kg/20230408/jashtar-ekologiyalyk-masele-chechimder-ish-chara-1074264430.html