Enactus – жаштар клубунан студенттер үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк

 

2019 жылдын, 22-23 апрелинде Казакстанда студенттер арасында ишкерлик боюнча улуттук, Казакстан Экспо – 2019 кубогу болуп өттү. Жалпысынан 50дөй универвитеттен 1000ге жакын студенттер экономика, экология, социалдык көйгөйлөр боюнча 100гө жакын проекттерин көрсөтүштү.

 Эларалык инновациялык технологоиялар университетинен башкы эдвайзер болуп барган Жумаматова Г.К. төмөнкүлөргө токтолду: “Enactus – жаштар клубу идеяга бай, креативдүү студенттерди дайыма колдоп келет. Жаштарга убакытты текке кетирбөөнү, жаңы идеяларды колдоого чоң мүмкүндүк беришет. Биз Кыргызстандан баргандыктан бул жолкусунда тажрыйба топтоо, студенттер бири-бири менен таанышып, алака түзсүн деген максатта бардык. Май айында Кыргызстанда өтө туруучу улуттук, Кыргызстан Экспо – 2019 кубогуна катышабыз”

Enactus – калктын коомдук – экономикалык көйгөйүн ишкердикти өнүктүрүү аркылуу жакшыртуу максатында студенттер жаштар клубу аталат. Жыл сайын өлкө ичинде ЖОЖдор арасында проекттер боюнча сынак өткөрүлуп, андан соң жеңүүчүлөр дүйнөлүк сынакка ат салышат. Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстанда 2019 – жылдын май айында студенттер арасында ишкерлик боюнча  Enactus - 2019 улуттук мелдеши өткөрүлөт.

 

 

 

 

 

 

 

Автор: Meerim Ainykeeva
Нравится: 0
Создан в: 30 апреля 2019 г. 10:45