Жаштар спорт менен — наркотикке каршы

2019-ж     2-декабрь  күнү ЭИТУнун чон актовый залында “Жаштар спорт менен-наркотикке каршы”,

“Молодежь за спорт и против наркотиков” аттуу темада лекция болуп өттү.

Лекцияны Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын окуу-кесиптик бөлүмүнүн башчысы, Бажы кызматынын подполковниги Джээнбеков Нурбек Бекенович окуп берди.

Лекцияга ЭИТУнун студенттери катышты.

Лекциянын жүрүшүндө студенттерге: банги заттардын адам баласына кандай терс таасир берээри жөнүндө түшүндүрүлдү. Банги заттардан алыс болуп, спорт менен машыгууга кеңеш берилди.

Ушул эле иш-чараны, ЭИТУнун студенттеринин демилгеси менен, жакын жайгашкан мектептерде да өтүү сунушталды.

Лекциянын жыйынтыгында ЭИТУ студенттери Whatsapp группасын ачышып, 2 студент Админ болуп шайланышты.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *